速報APP / 教育 / Сынган Кылыч - Төлөгөн Касымбеков

Сынган Кылыч - Төлөгөн Касымбеков

價格:免費

更新日期:2019-03-23

檔案大小:37M

目前版本:1.1.3

版本需求:Android 4.1 以上版本

官方網站:mailto:nookengames@gmail.com

Email:http://synak.kg/book_broken_sword_privacy_policy.html

Сынган Кылыч - Төлөгөн Касымбеков(圖1)-速報App

Бул роман кыргыз элинин улуттук тарыхындагы өзүнчө бир доор - Кокон хандыгы мезгилиндеги элдин коомдук абалын көркөм сүрөттөгөн тарыхый роман. Чыгармада айрым коомдук өнүгүүнүн терең катмарларына жасалган тарыхый экскурстарды эске албаганда да, Алим хан такка олтурган 1801-жылдан Исках-Болот хан даргага асылган 1876-жылга чейинки 75 жыл ичиндеги элдин башынан өткөн окуялар чагылдырылган. 75 жыл бир кылымга жакын убакытта элдин күрөшү, мүдөөсү, ойлоп тапкан амалы бир максатка багытталган. Ал - өз алдынча, көз карандысыз мамлекет куруу, улултук намыстын туусун бийик кармоо, улуттук эркиндикти эңсөө. Жазуучу эркиндиктин, көз карандысыздыктын символу катары канаттуунун падышасы - бүркүттү тандаган. Элдин эркиндиги хандык тарабынан тушалып, журт кыйналган мезгилдин жеке көрүнүшү. Колунан бүркүтү учуп, кайра өзүнө кол салып, көзүн оё чокуган Сарыбай мүнүшкөрдүн трагедиясы аркылуу берилген. Жазуучу өзү тутунган бул идеяны ишке ашыруу үчүн Сарыбайдын трагедиясы менен гана чектелбейт. Жалаң салык салуу менен элди сокур Сарыбайдай жүдөтүп, карайлаткан Кокон хандыгын кулатуу үчүн болгон күрөштө эл ичинен суурулуп чыккан кол башчы Исках-Болот хан «Бүркүт план» түзөт. «Бүркүт план» менен элдик көтөрүлүштүн күчү көркөм сүрөттөлөт. Ошону менен бирге Исках колго түшөөр күнү кароол таштын үстүнө чыгып, өз «ааламын» тегерете тиктеп турганда кайдан-жайдан бүркүт учуп келет. Бүркүттөй эркиндикти эңсеген Исках-Болот мындай дейт: «Оо кайран баатырдыктын, бийиктиктин кырааны. сөөлөтүн кара, келбетин кара...»

Сынган Кылыч - Төлөгөн Касымбеков(圖2)-速報App

Сынган Кылыч - Төлөгөн Касымбеков(圖3)-速報App

Сынган Кылыч - Төлөгөн Касымбеков(圖4)-速報App